НАТОнун Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн атын атабаган өкүлү маалымдагандай, Пакистанга чектеш Кунар вилайетиндеги Ванат кыштагында талиптер америкалык жоокерлерге ракеталык, миналык куралдарды колдонгон. НАТОнун дагы бир өкүлү аскердик операциянын жүрүшүндө ондон ашык талип жоочулары өлтүрүлгөнүн билдирди.