Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

12:05 “Замандаш” партиясынын төрагасы күнөөсүн мойнуна алды


Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы статс-катчысы Муктарбек Өмүракунов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген 4,5 миллион сом өлчөмүндөгү чыгымды өз ыктыяры менен ордуна койду. Бул тууралуу бүгүн каржы полициясы тараткан маалыматта айтылат. “Замандаш” партиясынан болсо бул маалыматка эч кандай комментарий бере алышпастыгын билдиришти.

Муктарбек Өмүракунов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 3-июлда убактылуу тергөө абагына камалган эле. Ал миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинде статс-катчы кызматында иштеген учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 4,5 млн сом зыян келтиргендиги Эсеп палатасы тарабынан аныкталганын каржы полициясы билдирген. “Замандаш” партиясынын жетекчиси өткөн ишембиде эч жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде камактан бошотулган.(SM)

XS
SM
MD
LG