Бул тууралуу Азаттыкка Каржы министрлигинен билдиришти. Кечээ өкмөт башчы Игорь Чудинов Улуттук эсепти көзөмөлдөө боюнча Байкоочу кеңештин жаңы мүчөлөрүн дайындоого буйрук берген. Тышкы карыздан кутулуунун бир айласы катары Улуттук эсеп өкмөттүн демилгеси менен өткөн жылы ачылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тышкы карызы 77 миллиард 681 миллион 547 миң сомду түзөт. (EK)