Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

18:00 Жалал-Абат облусунда эгин аянттарын өрт чалды


Сузактын Курманбек, Көкарт айыл өкмөттөрүндө жүз кырк гектарга жакын эгин өрттөндү. Анын 89 гектарындагы буудай бышып турган. Өрт 11-13-14-июль күндөрү болгон. Күн өтө ысып, кургакчылык, трактордон чыккан учкун менен кимдир-бирөө өчүрбөй таштаган тамекиден тутанса керек деген божомолдоо бар. Мындай маалымат губернатордун биринчи орун басары Жаныш Курбановдон алынды. Анын айтымында, облуста буудай чаап-жыйноо иши ортолоду. Өрт жалпы түшүмдүүлүккө таасир тийгизбейт. Былтыркыдан эки центнерден ашык эгин жыйнайбыз деди Жаныш Курбанов. Сузак район акими Ж. Максуталиев буудайлуу 40 гектар жер өрттөнгөнүн, эки миң гектар кайрак жер кысыр калганын комиссия изилдеп жатканын билдирди. Коомчулук өкүлдөрү жамгыр жаабай, суу тартыш, күйүүчү май кымбат болгондугунан адыр этектери менен тоолордо кайрак буудай түшүмсүз калганын айтышууда. (YA)

XS
SM
MD
LG