Бишкек райондор аралык соту Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун Кумтөр алтын кени боюнча өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын кароону бүгүн карап баштаган. Буга чейин бир канча жолу артка жылдырып келген бул иш каралып башталганда “Камеко”, “Центерра голд инк” компанияларынын жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү сотко үч өтүнүч менен кайрылышты. Аларда Кубанычбек Исабеков парламенттин атынан сотко кайрылууга укугу жоктугу да белгиленген эле. Натыйжада Сот Кубанычбек Исабековдун парламент атынан кайрылган-кайрылбаганын тактоо үчүн Жогорку Кеңешке суроо жиберилээрин айтып, ишти кароого 5-августка чейин тыныгуу жарыялады. Кубанычбек Исабеков болсо сотко депутат же төраганын орун басары катары эмес, жөнөкөй жаран катары кайрылганын, салык төлөөчү катары анын да укуктары бузулуп жатканын, өкмөттүн аталган токтому Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келээрин билдирди.(SM)