Бул тууралуу суу сактагычтын башкармалыгынын жетекчиси Кушубек Дүйшекеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, быйыл аба-ырайынын кургак болушунан улам суу сактагычта суунун көлөмү кескин азайганы менен сууну берүү токтотулбайт. Планга ылайык октябрь айларында суу сактагычтын тосмосу жабылат, дейт Дүйшекеев. Буга чейин “Азаттыктын” угарманы Орто токойдон суу берүү үч күндөн кийин токтотулат деген кабарды угуп, тынчсызданганын билдирген эле. (AJ)