Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Э.АЛИЕВ: КИЧИ ЖАНА ОРТО ГЭСтерди БАРДЫК ЖЕРДЕ КУРАБЫЗ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылынын жанында реконструкцияланган кичи ГЭС иштей баштады. Учурдагыдай энергетикалык кризисте кичи ГЭСтердин мааниси, өзгөчөлүктөрү тууралуу Кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиев азыноолак айтып берди.

- Эмил мырза, “Ысык-Ата” кичи ГЭСи канча айылды электр жарыгы менен камсыз кыла алат?

- “Ысык-Ата” кичи ГЭСнин кубаттуулугу 1,6 мегабатты түзөт. 1 мегабатта 1 миң кВт бар. Кара сөз менен айтканда 10 миң түтүнгө жете турган ГЭСтин кубаттуулугу бар.

- Кичи ГЭСтер “Түндүк электр” станциясына көз каранды болобу?

- Жок. Бул ГЭСтин баары өз алдынча иштейт. Алар чыгарган электр энергияны “Tүндүк электр” аркылуу элдерге жеткирет.

- Демек, бул ГЭС “Түндүк электр” станциясы менен байланышта болот турбайбы?

- Ооба. Бул ГЭС Чүй облусунда турган үчүн аталган электр cтанциясы менен иштейт. Эгерде Ош, Жалал-Абат жакта болсо, анда “Түштүк электр” станциясы менен иштейт.

- Эгерде “Түндүк электр” станциясы менчикке өткөрүлсө, бул кандайдыр бир чакан ГЭСтердин иш алып баруусуна таасирин тийгизеби?

- Жок таасирин тийгизбейт. Себеби, бул электр энергия рынокто өзүнүн гана мүмкүнчүлүгүн пайдаланат. Же болбосо бизге окшогон станцияларга өзүнүн кызматын берет. Биз кааласак алардыкын алабыз, каалабасак башкалар менен иштейбиз.

- Электрге тарифтер кандай болот?

- Тарифтерди өкмөт коёт. Ага биз же башка станциялар эч кандай таасир эте албайт. Себеби, тарифтерди элге жагымдуу болгудай кылып өкмөт жасаш керек. Ал мыйзамда да жазылган. Иш жүзүндө да ошондой болуп жатат.

- Анда “Түндүк электр” станциясы жана “Түштүк электр” станциясы коюп жаткан тарифтердин деңгээлинде болот турбайбы?

- Ооба.

- Ысык-Атанын акими аймакта электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөөрүн айтты. Бул кичи ГЭСтин иштешине байланыштуу эмеспи?

- Жок. Бул кичи ГЭСтин иштеп баштаганына байланыштуу эмес. Бул жерде башка маселе, башка саясат болуп жатат. Түшүнүксүз саясат болуп жатат. Буга кичи ГЭСтердин кайра электр жарыгы өчпөй тургандай кылып иштеп жатабыз. Кечээ кичи ГЭСтин ачылышына президент катышкан. Ал киши айткандай өзүнүн программасын бекиткен. Эки-үч жылдын ичинде 24 станция ачылсын деп бизге тапшырма берип жатат. Бул Кыргызстандын ар кайсы аймагында иштей турган станциялар болот дагы, бардыгы кошулуп туруп 200 мегабаттан ашык кошумча электр энергия беребиз. Башкача сөз менен айтканда ошончо суу Токтогул суу сактагычында сакталып калат.

- Бул пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, кайсы жерде ГЭСтерди куруу пландаштырылууда. Келечекке карата кандай пландар бар?

- Биринчиден, мен бир нерсени тактап коёюн. Чакан ГЭС деп айткан туура эмес. Себеп, чакан ГЭСте өзүнчө станциялар турат. Биз куруп жаткан ГЭСтер кичи ГЭС жана орто ГЭС деп айтылат. Аларды Кыргызстандын бардык аймактарына орнотобуз. Мындан кийинки ГЭС Талас облусундагы Кара-Буура районунун Киров суу сактагычына жайгаштырылат.

- Сиздер бул аймактарды кандайдыр бир жагдайларга байланышту тандап аласыздарбы же башка да себептери барбы?

- Жок. Ал жерде ар кандай шарттар бар. Биринчиден, биз элдердин суранычын эске алып жатабыз. Кайсы айылга электр энергиясы жетпей жатканын да эске алуудабыз. Ошондой эле ал жер кимге тиешелүү. Aйыл өкмөтүнүн карамагында болсо бизге да иштегенге жеңилирээк болот. Биз Кыргызстандын ар бир бурчуна коё турганга жана жумушту бир эле убакта алып барганга кубатыбыз жетет. Мисалы, биз бир эле Таластагы Киров суу сактагычын карабайбыз. Ошол эле кезде Ошко, Баткенге, Ысык-Көлгө жана Нарынга станцияларды куруп баштаганга шартыбыз бар. Бир жылдын ичинде бүтүрө турган кудуретибиз бар.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG