Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

11:53 Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол коюлду


Өлкө башчысы “Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгонун президенттин малымат кызматынан кабарлашты. Жогорку Кеңеш өткөн айдын 26сында кабыл алган бул мыйзам аталган кодекске бир катар өзгөртүүлөрдү, тактап айтканда прокуратура органдарына үй камагына алууга жана камакка алууга санкция берүү маселесинен башка тергөө амалдарын санкциялоо укугун берүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын ортосунда кылмыш иштерин ким кандай учурда иликтээрин аныктоо жана соттун кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү чечимди жокко чыгаруу укугун алып салуу сыяктуу өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү каралган.(SM)

XS
SM
MD
LG