Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

М.САМАТОВ: УГАНДАДА БИР ЖЫЛДА ҮЧ ЖОЛУ ЭГИН ЭГИШЕТ


Маектешкен Амирбек Усманов, Прага Кыргызстандык ишкер Манас Саматов Угандадагы «Get out of Poverty» (“Жакырчылыктан чыгуу”) деп аталган уюмда кеңешчи болуп иштейт. Уганда - Чыгыш Африкадагы 32 миллион калкы бар өлкө. Чет элдерде жашаган угандалыктар жардылыктан чыгаруу уюмун өлкөнүн айыл чарба секторун өнүктүрүү максатында түзүшкөн. Техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов аталган уюмга дыйканчылыкка керектүү шаймандарды сатып алуу жана Орто Азиянын айыл чарба маданиятын жайылтуу боюнча кеңеш берет.

- Манас мырза, «Жакырчылыктан чыгуу» бул эмне болгон уюм?

- Бул "Жакырчылыктан чыгуу" деген жеке ишкерлердин уюму. Булардын мамлекетке да эч кандай тиешеси жок. Бул топко киргендер негизи ар түрдүү кесипти, ар түрдүү бизнести аркалаган Америкада, Европада жашаган Угандадан чыккан инсандар экен. Булар азыркы учурда өздөрүнүн акчаларын Уганданын айыл чарбасынын өндүрүшүнө ээсиз жашап, өзүлөрүнүн туулуп өскөн туугандарына жардам бериш максатта түзүлгөн уюм экен.

- Сиз бул уюмга кантип чакырылып калдыңыз?

- Мен бул уюмдагы кишилердин айрымдары менен көп жылдан бери таанышмын. Бул маселеге келгенде белгилүү бир проблема болгондуктан мени кеңешчи катары чакырышты. Бул жакка келгенден кийин беш жылдык программа түздүк. Бирок, негизги орчундуу маселе булар Европадан булардын шартына жооп бере турган техникалык каражаттарды тандап берүү керек болуп жатат.

Булар жаңы жерлерди өздөштүрүп жатышкан экен. 10 миң гектар жерди өздөштүрүүгө максат кылып коюшкан. Учурда 2 миң гектар жерди өздөштүрүп коюшуптур. Булар токойлорду кыйып туруп, жаңы жерлерди өздөштүрүп жатышыптыр.

- Адис катары сиз Уганданын жана Кыргызстандын айыл чарба тармактарынын абалын, айыл чарбасындагы иштөө мүмкүнчүлүктөрүн салыштырып көрдүңүзбү?

- Кыргызстан менен салыштырганда бирдей эле деңгээлде окшоп көрүндү бир четинен. Экинчи четинен буларда мүмкүнчүлүктөр чоң экени байкалып жатат. Жерлеринин топурагы өтө беримдүү экен. Бир жылда үч жолу эгин эгип, түшүм алууга мүмкүнчүлүк бар. Экинчиден, бул жердеги айыл чарба шаймандары батыш өлкөлөрүнөн келген сапаттуу техникалар бар экен. Аз болсо сапаттуу экен. Кыргызстанда тилекке каршы азыр Кытайдан, Орусиядан келген сапаттуу техникалар жана 30-40 жылга артта калган техникалар пайдаланып келет.

- Айыл чарба шаймандарын сатып алганда жергиликтүү банктар тарабынан ыңгайлуу кредиттер берилет бекен?

- Мен ал жактарын иликтеген жокмун. Бул жерде жеке жерлер боюнча демилге жүрүп жаткандыктан булардын колунда акчалары бар экен. Ошон үчүн кредит же болбосо өкмөттөн жардам сурай турган жагдайлары жок. Ал эми мамлекет кандай саясат жүргүзүп жатканын мен аны тил билбегендиктен анчалык анализ жүргүзө алган жокмун.

- Сизге анда котормочу беришсе керек?

- Мени жакын досум коштоп жүрөт. Ал түрк тилин билет. Мен аны менен түрк тилинде сүйлөшөм. Ал англисче которуп, мамиле түзүп жүрөбүз.

- Азыр айтып кеттиңиз, жылына үч ирет түшүм алса болот дейт. Экватордо өтө ысык го?

- Африка десе эле көпчүлүк эл өтө ысык деп ойлошот экен. Бирок, Угандада аба салкын, 20-24 градус жылуу болуп турат. Бул жерде эң төмөнкү температурасы 17 градус ал эми эң жогорку температурасы 30 градусту түзөт экен. Ага байланыштуу бул жерде бардык Африка континентинде өсө турган өсүмдүктөрдүн баары, мөмө-жемиштердин бардыгы жетишет экен. Бирок бул жерде дыйканчылык маданияты өтө төмөн экен. Мен буга чейин беш жыл мурда да келип, эки ай жүрүп кеткенмин.

Булардын негизги чакыруу максаты, техника менен биргеликте Орто Азиянын жана Фергана өрөөнүнүн дыйканчылык маданиятын бул жерге белгилүү бир даражада алып келип берсеңер бир колдоо болот эле деген максат менен чакырышкан. Буларда бир жылда эки ирет жамгыр сезону болот экен. Ал жамгыр сезондорун аттатып-аттатып, бир жылда үч жолу эгин айдап түшүм алууга мүмкунчүлүгү бар экен. Мисалы, пахтадан 27 центнерге жетип, сугарбастан эле түшүм алууну билишет экен.

- Сиз дагы канча убакыт Угандада болосуз?

- Угандага мен эки-үч айда бир келип турат болушум керек. Буга чейин он күндөй Стамбулда болдук. Бул жерде өндүрүлгөн продукцияны, мисалы, Түркия аркылуу Европага кантип жөнөтүш маселелерин көптөгөн адамдар менен сүйлөштүк. Жакынкы он күндүн ичиндеги программабыз бул - Европага барып Угандага ылайыктуу техникаларды сатып алуу.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG