Жыйырма тонна ун Оштун Кара-Суу районунда жер титирөөдөн жабыркагандарга берилмекчи. Расмий Москва алгачкы колдоосун июня айынын аягында көрсөтүп, кырк миллион рублге тете кийим-кече, тамак-аш берген. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче орус өкмөтү мындай гуманитардык жардамдарды Орусиядагы кыргыз элчисинин өтүнүчү менен жөнөтүүдө. (EBM)