Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

17:20 Чүйдө премьер-министр И.Чудиновдун катышуусунда жыйын өттү


Чүйдөгү бийлик өкүлдөрүнүн башын кошкон жыйында премьер министр Игорь Чудинов биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгына байланыштуу кеңири докладдын жасады. «Мурун баардык багыт боюнча жогорку көрсөткүчтү берип келген Чүй аймагында быйыл кирешенин көлөмү төмөн жана өндүрүштүн темпи жай. Жыл башында иштеп турган ишканалардын да саны азайып кеткен», деди премьер министр. Ошондой эле жыйында кеңири талкууга алынган маселе дан азыктары болду. Быйыл Чүй аймагындагы 10 миң гектар аянтка арбын эгин айдалганына карабай буудайдын түшүмдүүлүгү төмөн деп белгиленип, бир топ акимдер катуу эскертүү алышты. “Быйыл аймактагы кайрак жерлерге комбайындар кирбей калган учур өтө арбын болгон. Бирок облус боюнча 280 миң тонна дан эгиндерин алуу болжолдонуп жатат”,- деди губернатор Кубанычбек Сыйданов. (JJ)

XS
SM
MD
LG