Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

17:45 Нарын облусунда жарым жылдыкта он бир өнөр жай ишканасы иштеген эмес


Нарын облусунда 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында 254 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Өткөн жылы ушул аралыкка салыштырганда тикене товар жүргүзүү 108, элге акы төлөп кызмат көрсөтүү 126 пайызга аткарылган. Бирок, бюджетке салым кошуучу негизги 23 ишкананын 11и иштеген эмес. 2007-жылдын алты айына караганда, түз инфестиция тартуу 23 пайызга, тышкы соода көрсөтүү көлөмү 66 пайызга азайган. 2007-жылга караганда, Нарын облусунда 3820 гектар аянт көп айдалган. Бирок, Нарын, Жумгал райондорунда программанын түзүлүшү аткарылган эмес. Өткөн алты айда коррупцияга каршы байланышкан 65 кылмыш иш аныкталса, анын тогуз учуру Нарын шаарына, төрттөн учур Кочкор, Жумгал райондоруна туура келет. Мындай маалымат 16-июлда болуп өткөн Нарын облустук акимчиликтин коллегиялык жыйынында айтылды. (KUs)

XS
SM
MD
LG