Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ҮЧ СЦЕНАРИЙДИН ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫ


Улуттук статистика комитети Кыргызстандын жарым жылдык экономикалык өнүгүшүн баяндаган кезектеги эсеп-кысабын жарыя кылды. Мурдагы жылга салыштырганда ички дүң продукт быйылкы жарым жылда 7% арбыганы, өнөржай өндүрүшүндөгү өсүш 6% жетишкени кабарланды. Анткен менен инфляция деңгээли жарым жылда 15% ашып, экспорт көлөмү импорттон үч эсе көптүгү белгиленди. Кооптонтчу жагдай, энергетика, азык-түлүк баасынын кескин көтөрүлүп баратышы болууда.

Ички дүң продукт көлөмү жарым жыл аралыгында Кыргызстанда “Кумтөр” алтын кенин кошпогондо 6,5% өстү. Ал эми тоокен тармагында, кайра иштетүү, айыл чарбасындагы өсүш ырааты 1 – 2% тегерегинде. Жарым жылда экспорт көлөмү 498 миллион долларды түзсө, импорт көлөмү 1 миллиард 475 миллионго чыккан. Профессор Жусуп Пиримбаев экономикалык алака-катыштагы бул жагдайга жакшылап баам ташташ керек, деген пикирде.

- Мисалы, өткөн жылы импорттун басымдуу бөлүгүн негизги каражаттар түзгөн. Негизги каражаттар дегенибиз машина, техника, технология. Мунун бардыгы келип жатат.

Энергетикалык кризистин капшабынан быйыл өнөржай өндүрүшү, курулуш тармагындагы абал былтыркыга караганда кыйла эле төмөн. Инфляция бир жылга белгилеген чекке жарым жылда эле жетип, жалаң көбөйүүнүн үстүндө баратат.

- Башкача айтканда, 5 айдын ичинде инфляция 15,2% чыкты. Менин оюмча, эксперттер да муну карап чыгышкан болуу керек, инфляция деңгээли мындан бийик. Бери дегенде инфляция деңгээли 20 - 25% жетип калды. Баалардын баары күзгө тарта төмөндөйт деп айтыш кыйын. Себеп дегенде, чабылган эгин жетпейт. Анын натыйжасында импорт өсөт. Билесиздер, импорт бизде экспорттон үч эсе көп,- дейт “Бирдиктүү Кыргызстан” саясий кыймылынын жетекчиси Амангелди Муралиев.

Өткөн жылкы азык-түлүк баасынын кымбатташынан жүрөкзаада болуп калган кыргыз өкмөтү быйыл дан эгиндери арбын себилгенин айта баштаган. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча 800 миң тонна эгин бастырылып алынышы маалымдалган. Бирок да үшүк, анан да жылдын кургакчыл келиши этият божомолго биртоп өзгөртүүлөр киргизет окшоп калды. Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары Данияр Мукамбетовдун ырасташынча, өлкө буудай менен өзүн-өзү толук камсыздоого жетише элек.

- Менимче, муктаждык шарттары анча деле чоң эмес. Бирок биз азырынча муктажбыз.

Ички дүң продукттун өсүшүнө өзгөчө таасир тийгизген эки тармак, профессор Ж. Пиримбаевдин айтуусунда, быйыл деле кескин өзгөрүүгө учурабашы мүмкүн.

- Бүгүнкү күндө алдыга жылып аткан сектор курулуш менен туризм болууда. Башка секторлордо эч кандай жылыш болбой жатпайбы.

Жарым жылдык экономикалык өнүгүш ыраатына дем берген алдыңкы тармак катары почта менен электр байланышы чыкты. Өткөн жылга салыштырмалуу бул жерде өсүш ырааты 35% түздү. Курулуш, кайра иштетүү, тейлөө тармагынын азырынча андай бийик көрсөткүчкө жетишине шаасы келбейт.

“Бирдиктүү Кыргызстан” саясий кыймылынын жетекчиси А.Муралиев экономикада структуралык жаңылануларды жүргүзүү зарылдыгы бышып калды, бирок да өкмөттүн азырынча андай аракети байкалбайт деген пикирде.

- Туңгуюктан чыгарып кетчү жарыкты мен көрбөй жатам. Мүмкүн, кимдир-бирөөлөр көрүп жаткандыр. Эгер ыкчам иш-аракеттер жасалбаса бу толкун көтөрүлүп алса баарын жууп кетиш коркунучу бар. Инфляция чектен чыгып кетсе токтотуш кыйын.

Жарым жылга жетпей 15% ашкан инфляция жыл аягына чейин дагы канчага чыгарын азырынча эч ким айта албайт.

XS
SM
MD
LG