Бул тууралуу Акүйдүн өкүлү Дана Перино билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик катчынын орун басары Уильям Бернс сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн 19-июлда Швейцарияга аттанып кетмекчи. Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавьер Солана, Кытай, Орусия, Франция, Британия жана Германиянын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.