Ошол эле убакта КМШ өлкөлөрү негиздеген “Мир” телекомпаниясы Ташкен быйылкы жылы республиканын калкын ун азыктары менен камсыз кыла албастыгын, ошондуктан Каримовдун бийлиги унду чет өлкөлөрдөн сатып алууга аргасыз болорун, ушу тапта Өзбекстанга Казакстандан эле күн сайын 2 миң тоннадан ашуун ун ташылып келип турарын маалымдап орусиялык массалык маалымат каражаттары быйылкы жылы Өзбекстанга ун жагынан жардам берүүнү Астрахан облусу мойнуна алганын жазып жатышат деп билдирди.
Ал эми “Акипресс” маалымат агенттиги Кыргызстандын антимонополиялык комитети буудай арзандабай турганын, анткени сырттан ташылып келүүчү күйүүчү май кымбаттап жатканын айтса, Кыргызстандын айыл, суу жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги ун азык-түлүктөрү жаатынан тартыштык болбойт деп элди жооткотконун кабарлады.
“Немис толкуну” маалымат агенттиги “Кыргызстандын орто жана жогорку билим берүү системасы окуусун бүткөн жаштарды жакшы иш менен камсыз кылып бералбайт деп эксперттер бир ооздон айтып жатышат” деп жазды. Бүтүрүүчүлөрдүн деңгээли өтө эле төмөн. “Ачык позиция” коомдук фонддун жетекчиси Дмитрий Кабактын оюнча билим берүү сапатынын начардыгы ушул тармакта иштегендердин коррупцияга белчесинен баткандыгы менен түшүндүрүлөт. Дал ушул балакет баскан коррупциянын кан басымын азайтыш үчүн бүтүрүү жана кирүү экзамендерине жалпы республикалык тест киргизилген болучу. Беш жылдан бери алданемедей эле иштеп аткан ошол тести эми жоюп салышты. Дмитрий Кабактын айтымында анын жоюлушуна болгондо да дал ошол жогорку окуу жайларынын ректорлору өздөрү кызыгдар. Анткени тест аркылуу тандалып алынса алар каалаган параларын ала албай, ошондой эле кабыл алуу экзамендерине таасирин тийгизе албай калат. Мына ошол жалпы республикалык тести иштеп чыккандардын бири, билим берүү тармагы боюнча эксперт Гайша Ибрагимованын пикиринде бул жакшы башталышты жойгонго жетишкендер Кыргызстандын жогорку окуу жайларында коррупциянын коолап-чайлап өнүгүшүнө кайрадан шарт түздү деп айтты.
Ушул эле билим берүү маселесине “Бишкек басмасөз клубу” да кайрылып, 2008-2009-окуу жылдары үчүн мамлекет тарабынан 5 миң 705 орунга грант берилгенин, Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Евгения Чубукова айымдын айтуусу боюнча быйыл мугалимдик адистиктерге өзгөчө басым жасалганын, мамлекет ал үчүн гранттык орундун 48 пайызын ушул тармакка ыйгарганын, мындан кийинки катарда куруучулук, энергетикалык, тоо-кен өнөржай, транспорт, телекоммуникациялык кесипти тандап алгандар турарын маалымдоо менен өкмөттүн атайын токтому менен быйыл экономист, юрист адистиктерине мамлекеттик гранттар кыскартылганын кошумчалаган.
“Кабар” маалымат агенттиги рынок экономикасындагы ишкердик тууралуу макаласында Кыргызстан эгемендигин жар салган күндөн баштап эле чет элдик инвесторлорго кучагын марттык менен жайганын, айрыкча бул жагынан “үйрөнгөн жоо атышарга жакшы” дегендей, орусиялыктар менен түзгөн мамиленин өмүрү узак болгонун, бирок карым-катнаштын ойдогудай жүрүшүнө баягы эле каран калгыр коррупция бут тосуп келатканын, анын үстүнө фискалдык уюмдардын иши менен мыйзам жоболорунун күтүүсүз жоруктары, туруп-туруп эле 180 градуска бурулуп калары, ой келгендей өзгөрүп кетмей өнөкөтү көмүскө экономиканын ансайын көпчүлүккө көрүнбөй гүлдөшүнө ого бетер шарт түзүп, мунун айынан мамлекет дээрлик жылдык бюджетке тете каражаттан кол жууп жатканына көңүлдөрдү бурду. Бийлик акең болсо корупция менен аеоосуз күрөшүп келатканын күн сайын какшаганы менен ушул убакка чейин бир дагы тирүү корупционер түрмөнүн түбүнө түшмөк тургай, соттун босогосун аттай электигин, эми минтип чет өлкөлүк, айрыкча Орусиянын рыногунда жасалма кыргыз товарлары массалык түрдө пайда болуп жатканын, мындай жалган товарлардын баары эшигинен тешиги көп Кыргыз бажыканасы аркылуу байма-бай өтүп турарын баяндады.
“Евразиянет” маалымат агенттиги Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү окуяларды чагылдырууга адистешкен көз карандысыз кабарчы Жан-Кристоф Пэктин “Орусия менен Казакстан ОБСЕнин түзүмүнө кайыш каргыларын таккылары келүүдө” деген макаласын жарыялады. Макалада Казакстан дагы ОБСЕ өз өлкөсүндөгү адам укуктарынынын ал-абалы менен шайлоо өнөктүктөрүнүн жүрүшүнө үзүлуп-түшүп эле көңүл бура бербесе деген ниеттеги подсоветтик өлкөлөрдүн бири экенин, мисалы жакында эле Казак парламентинин спикери Касымжоомарт Токаев “ОБСЕ деген адам укуктарын жана шайлоо мониторунгун камсыз кыла турган уюм эмес” деп кыңыр иштин башын кылтыйта сүйлөгөнүн белгиледи. Кабарчы андан ары адам укуктары жана демократия боюнча институттун бюросу 91-жылдан тартып эле мурдагы СССР өлкөлөрүндө өткөн шайлоолорго байкоочуларын такай катыштырып келатканын, тилекке каршы бул өлкөлөрдө өткөрүлгөн шайлоолор демократиянын жок эле дегенде минималдык нормаларына жооп бербегенин далил катары келтирип, кыскасы эки жылдан кийин ОБСЕнин төрагалык тизгинин ушул казак өлкөсү алып калышы мүмкүндүгүнөнбү, европалык бул кадыр-барктуу уюмдун мойнуна Орусия менен Казакстан адегенде эле өзүлөрүнүн совет доорунан бери ала жүргөн кайыш карыгларын таккысы келип жатканын жазып чыкты.