Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:06

11:53 Бишкек шаардык кеңештин депутаттары мэрди шайлоого киришүүдө


Президенттин жардыгы менен Нариман Түлеев 7-июлда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бүгүн 17-июлга Бишкек шаардык кеңеш тарабынан мэрди шайлоо белгиленген. Нариман Түлеевдин талапкерлигин президентик администрациянын башчысы Медет Садыркулов сунуштап, Түлеевди бул кызматка көрсөтүүгө анын темир жолдогу жакшы иши себеп болгонун белгиледи. Түлеевге альтернатива катары мэрдин орун басары Олег Тарбинскийдин талапкерлиги да көрсөтүлдү. Бирок ал өзүнүн талапкерлигин Түлеевдин пайдасына алып койду. Депутаттар алдында сөз сүйлөгөн Түлеев көп сүйлөгөндү эмес, көп иштегенди жакшы көрөрүн айтып, кыска сөз менен токтолду. Учурда депутаттар добуш берүүгө киришүүдө. 46 депутат көпчүлүк добуш менен шайлоого тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG