Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

13:03 Баалардын өсүшү май-июнь айларында отуз пайызды түздү


Бул тууралуу экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин кечээ өткөн отурумунда маалым болду. Өлкөдө ушул жылдын жарымында экономикалык өсүү темпи азайган. Эгерде былтыр биринчи жарым жылдыкта бул көрсөткүн тогуз пайызга жакын болсо, быйыл 7 пайызды түздү. Мунун себеби азык-түлүк жана энергетикага дүйнөлүк баанын өсүшү. Жогоруда аталган министрликтин маалыматы боюнча, ушул жылдын май-июнь айларында баалар башка айларга салыштырмалуу өзгөчө кымбаттаган. Алсак, жер-жемиш баасы отуз пайызга, нан азыктары 23 пайызга, майлар отуз, ун жыйырма алты пайызга кымбаттаган. Мындан тышкары газ отуз эки, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы 23,8 пайызга өскөн. Баалардын кымбатташын ооздуктоо үчүн бийлик тарабынан учурда атайын программа кабыл алынган. (AiJu)

XS
SM
MD
LG