Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

19:05 Жумгал районунда 100 гектар аянт кургакчылыктан күйүп кетти


Мындай маалыматты Жумгал районунун акими Талант Касмамбетов билдирди. Район жетекчисинин айтымында, быйыл суунун келиши өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз болууда. Натыйжада, Жумгал районунун Таш-Дөбө, Түгөл-Сай, Көк-Ой, Кызыл Жылдыз айылдарында жүз гектардан ашык эгин аянты күйүп кеткен. Нарын облустук суу чарба башкармасынын жетекчиси Касымбек Байболотов суу жоктугунан жүз гектар эгин аянтынын күйүп кеткендиги тууралуу маалыматтар жоктугун айтат. Нарын облусунда 119 миң гектар сугат аянт бар. Анын 63 пайызы ички чарбалар аралык сугат системасына туура келет. Биз тейлеген сугат жерлерде бир да гектар эгин аянты күйгөн учур жок дейт Касымбек Байболотов. (KUs)

XS
SM
MD
LG