Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

19:10 Нарында И.Кадырбековду колдоо боюнча демилгелүү топ кол топтоо акциясын башташты


Аталган демилгелүү топтун лидери Асыл Жаманованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүн Ишенбай Кадырбековду сизодон бошотуу тууралуу кол топтоо акциясын башташты. Анын уландысы 18-июлда Нарын академиялык музыкалуу драма театрынын алдында өтөт. Бул жерде 18-июлда адам укугун жана эркиндигин коргоо темасына арналган аймактык конференция болот. Ага Турсунбек Акун баштаган укук коргоочулар, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров баштаган саясатчылар катышат. Аймактык конференциянын катышуучуларына жана президентке бүгүн кайрылуу кабыл алдык, деп кошумчалады Асыл Жаманова. Анда “Кадырбековдун баш коргоо чарасын 27-июлга чейин өзгөртүүсүн талап кылабыз. Эгер андай болсо мөөнөтсүз нааразычылык акциясын баштайбыз жана Кыргызстандагы баардык прогрессивдүү күчтөрдү катышууга үндөө жүргүзөбүз”,- деп айтылган. Бүгүн башталган кол топтоо акциясына 150 адам кол койду, деп билдирди Асыл Жаманова. (JI)

XS
SM
MD
LG