Бул тууралуу Музейлерди текшерүү боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынтыгында айтылат. Комиссия бир миң алты жүз музейди текшерип чыгып, анын жарымынан көбүндө экспонаттар уурдалганын маалымдады. Өкмөттүк комиссия 2006-жылы Санкт-Петербургдагы Эрмитажда 200 экспонат жоголгону аныкталгандан кийин түзүлгөн.