Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Ч.СЕЙДАКМАТОВА: СТАТКОМИТЕТТИН МААЛЫМАТТАРЫ АЧЫК ЭМЕС


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Бизнес бирикмелер конгрессинин аткаруучу директору Чынара Сейдакматова болду. Чынара айым жетектеген уюм алтын кендерин иштеткен ишканалардын ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүп келатат. Төмөндө ошол байкоолор, жүргүзгөн анализдер тууралуу кеп болмокчу.

- Чынара айым, алгач сиздердин уюм жүргүзгөн анализ-байкоолор тууралуу айта кетсеңиз, кандай жыйынтыктар болду?

- Алтын кендерди иштеп чыгаруучу ишканалардын ачык-айкындыгын жогорулатуу эл аралык демилгеси бар. Аны биздин Жогорку Кеңеш 2004-жылы кабыл алган. Андан бери ал мыйзам катары эсептелип калган. Бирок ал демилгенин шарында азырынча анча көп иш чаралар жасала элек. Болгону улуттук статкомитет алты ишкананын статистикалык көрсөткүчтөрүн жыйынтыктап туруп, таблица жасап, аны интернет сайтына чыгарып коюшат.

- Сиздер ал улуттук статистикалык комитеттердин маалыматтарына таянып анализ жүргүзөсүздөр да анда.

- Ооба. Ошол маалыматка таянып анализ жасадык жакын арада. Бирок анчалык жакшы маалымат ала алган жокпуз. Себеп дегенде кандайдыр бир карама-каршылыктар бар экен.

- Тагыраак айтып кетсеңиз, кайсы ишкана боюнча сиздер маалымат алдыңыздар?

- Эң чоң эле ишкана бул “Кумтөр” компаниясы, “Кыргыз алтын”, Кадамжайдагы сурма комбинаты жана үч кичине ишканалар болду. Чоң ишканаларга ал демилгеге кире элек экен.

- Чынара айым, биздин билишибизче сиздердин анализдер алардын каржылык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо керек?

- Ооба. Бюджетке канча акча төгүлгөнү жөнүндө.

- Сиз айтып кеттиңиз “Кумтөр” ишканасына байланыштуу маалыматтарды алдык деп. Сиздердин анализдин жыйынтыгы боюнча кандай маалыматар болуп жатат. Анткени “Кумтөр” ишканасынын айланасында соттук териштирүүлөр болуп жатпайбы. Депутат Кубанычбек Исабеков алар салыктарды төлөбөй келген деп айыптап жатат?

- Алардын канчалык салык төккөнүнө дагы бир тереңирэк изилдөө жүргүзүш керек. Түшүнүш үчүн көбүрөөк маалымат алып, терең анализдеш керек болуп турат. Бирок андай изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Менимче көз кандысыз коомдук мониторинг жүргүзүлгөн жок. Исабековго маалыматты эсеп палатсы берип жатат. Бирок ал маалыматты ачык-айкын, эч ким интернетке да чыгарган жок. Тегерек үстөл жыйындарында жөн эле куру сөз менен айтылып, документтерин эч ким көрө элек. Муну Исабеков жана эсеп палатасы билет. Буга көзөмөл органдар чечим чыгарса, анда бул маалымат иштелип чыгыш керек. Мисалы бирөөнү ууру десе, аны соттош керек, жабыш керек дегендей. Бул жерде андай иш жүргүзүлгөн жок да.

- Чынар айым, сиз айтып кеттиңиз терең анализ бериш керек деп. Азыркы сиздер жүргүзүп жаткан байкоо, маалымат иштерин ошол анализдин баштапкы кадамы катары түшүнүп жатабыз. Эми сиздердин кийинки аракеттериңиздер кайсы нукта багытталмакчы?

- Айтып жаткан демилгени колдоп, Кыргызстанда конфортум пайда болгон. Он бештей уюм биригип туруп, жумушчу тобу бар, абдан жакшы бейөкмөт уюмдар биригип туруп аны колдоп жатышат. Алар буга чейин көп иш-чараларын жүргүзүштү. Мындан ары коомдук мониторнг уюштурабыз деп жатышат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG