Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

13:02 "Бирдиктүү Кыргызстан" билдирүү таратты


Анда өлкөдөгү азык-түлүк жана энергетикалык кыйынчылыктан чыгуу үчүн тезинен антикризисттик программа иштеп чыгуу сунушталган. Бийлик кадр саясатында регионализмди четке кагууга тийиш . Үч жыл мурун бийлик алмашкандан кийин пайда болгон элдин үмүтү акталган жок. Мындай шартта күзүндө социалдык жана саясий кырдаал курчушу ыктымал, деп белгиленген билдирүүдө. Кыймылдын лидерлеринин бири Осмонакун Ибраимовдун билдирүүсүнө караганда, кыймыл учурда уюштуруу иштерин жүргүзүүдө.Күзүндө азык-түлүк жана энергетикалык кризистен чыгуунун программасы иштелип чыгып, бийликке сунушталат.Эгерде бийлик аны четке какса, анда кыймыл элге чыгууга аргасыз болот.(AiT)

XS
SM
MD
LG