Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызмунайгаз» ишканасынын мурдагы баш деректири Касым Исманов өзүнө коюлган кылмыш ишине тиешеси жоктугун билдирди. Ноокен райсотунун 20-июндагы өкүмүн жокко чыгарууну өтүндү. Анын жактоочусу тергөө туура эмес жүргүзүлүп, сотко күбөлөр чакырылбай, соттолуучунун ишканага зыян келтирбегенин документтер ырастаарын айтты. Адвокат, Исмановдун кылмыш ишин кыскартып, актап чыгарууну сунуштады. Облсоттун баяндамасы боюнча Касым Исманов кылмыш кодексинин 171-жана 316-беренелери боюнча айыптуу деп табылган. Ноокен райондук соту аны «шалаакылык кылган» жана «мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген» деп , күчөтүлгөн тартипте 8 жылга эркинен ажыраткан. (YA)
18:00 Жалал-Aбат облустук соту “Кыргызмунайгаз» АKсынын экс-президентинин доо арызын кароого киришти