Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

10:30 Түп районунун жана Аламүдүн районунун акимдери дайындалды


Президент Курманбек Бакиевдин 19-июлдагы буйругу менен Өмүрбек Шаршеналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акиминин кызматынан бошотулду. Өлкө башчысынын башка буйругуна ылайык Саматбек Керимкулов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Президенттин башка буйругуна ылайык Темирлан Биримкулов Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Белгилей кетчү нерсе, өкмөт башчысы Игорь Чудиновдун буйругуна ылайык Ыбрайым Жолдошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. (AJ)

XS
SM
MD
LG