Ош шаарындагы төрт адамдын өлтүрүлүшү боюнча кылмыштын бетин ачуу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов Оштон “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тез арада бул кылмыштын бетин ачуу үчүн учурда ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өзү Ош шаарында жүрөт. "Ош облустук ички иштер башкармалыгынан башка ИИМдин иликтөө тобу, Жалалабат, Баткен облустарынын милиция кызматкерлери дагы иликтөө иштерине тартылды",-дейт Жакыпов.17-июлда Ош шаарында ОМАИнин эки кызматкерин, “Тико” автоунаасынын айдоочусун жана нарколог-дарыгерди белгисиз адамдар башка атып өлтүрүшкөн. (AJ)