Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

17:16 Ысык-Көл районундагы малга кол салган 10 карышкырды эч ким иликтей элек


Ананьево айыл өкмөтүнө караштуу Балык айылчасынын тургуну Мундузбай аттуу чабандын короосуна 10 карышкыр тийип, 40тай жандыкты 2 бодомалды кырып кетти. Карышкырдын үйүрү дагы 10 дон ашык койду бөлүп атканда Мундузбай алып калууга аракет кылганда карышкырлар ага тиш салып качырган. Жергиликтүү эл айылдын четине келген карышкырлардын минтип адамдан айбыкпаганынан чоочулап жатат. Эдил аттуу тургундун "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, короого кол салган кутурган карышкыр болушу мүмкүн.Бирок аны райондогу адистер тактай элек. Бул боюнча Ысык-Көл райондук ветеринардык станция башчысы Жолчу Касымбеков да, Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы Алмабек Рыспаев да толук маалымат берүүдөн баш тартты. (RN)

XS
SM
MD
LG