Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

10:30 Ички иштер министри М.Конгантиев Ошто оперативдүү жыйын өткөрдү


20-июлда министр Молдомуса Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, Ош облусунун губернатору Аалы Карашев, Ош ИИБ начальниги Касымбек Майкозов менен 17-июлда белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн Ош шаардык ЖЖК бөлүмүнүн кызматкерлери, милициянын старшиналары Мунарбек Сактановдун жана Каныбек Асрановдун үй-бүлөсүнө барып көңүл айтышты. Конгантиев өлкө башчысынын, Ички иштер министрлигинин атынан алардын үй-бүлөсүнө 200 миң сомдон материалдык жардамды тапшырды. Ошондой эле каза болгон нарколог-дарыгер Жалал Хамидовдун үй-бүлөсүнө да көңүл айтып, 100 миң сом материалдык жардам берди. Дагы бир атып өлтүрүлгөн Кайгуул күзөт кызматынын штаттан тышкаркы кызматкери Нурбек Касымовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, 50 миң сом тапшырды. Ички иштер министри М.Конгантиев Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен оперативдүү кеңешме өткөрүп, 17-июлдагы кылмыштын бетин ачуу боюнча иликтөө иштери менен таанышты.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG