Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

14:40 Белгилүү дирижер Асанкан Жумакматов каза болду


СССРдин эл артисти, Кыргызстандын баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, Москвадагы эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги Асанкан Жумакматов үстүбүздөгү жылы 85 жаш куракка чыкканын белгилеген. Жумакматов дүйнөлүк классикалык, орус, кыргыздын опера жана балеттеринен 50 чукул чыгармага дирижерлук кылган. 1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижер болуп иштеп келген. 1995-жылдан бери Улуттук консерваторияда профессор. Бир катар профессионалдык музыканттарды тарбиялаган. Асанкан Жумахматов Улуу Ата мекендик согушка катышып “1-даражадагы Ата мекендик согуш”, “Кызыл жылдыз” ордендери, “Германияны жеңгендиги”, “Сталинградты коргоо” медалдары менен сыйланган. Асанкан Жумакматовдун сөөгү 23-июлда жерге жашырылат. (AJ)

XS
SM
MD
LG