Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

17:35 Оштогу МАИ кызматкерлеринин атылышына күнөөлүү милиция жетекчилери кызматтан алынат


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев түштүк жергесине сапарында Ош шаардык МАИнин 2 кызматкеринин атылышына жергиликтүү милиция жетекчилеринин да күнөөсү бардыгын «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, каргашалуу окуяны иликтөөнү министр жеке көзөмөлгө алды, ошондой эле жаш адистердин өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар чиновниктерди кызматынан бошотмокчу. Баса, МАИчилердин көзүн тазалаган канкорлордун изи табылды, жакынкы күндөрдө кылмышкерлер кармалуусу күтүлүүдө. Жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов бул окуя биринчи эместигин белгилеп, министр Конгантиев кесиптештеринин коопсуздугун чындап ойлобосо, кесепети чоң болоорун эскертти. (ATo)

XS
SM
MD
LG