Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

08:51 Укук коргоочулар мэриянын Ата Түрк багындагы жер участокторуна байланыштуу токтомду жокко чыгарган чечимин кубаттады


Ошону менен катар, укук коргоочулардын консультативдик-координациялык кеңеши мэрияны мыйзамсыз түрдө жер үлүштөрүн берген аткаминерлердин аты-жөндөрүн ачыктоого, аларга карата кандай чаралар көрүлгөндүгү тууралуу коомчулукка маалымат берүүгө жана курулуш иштерин жүргүзүп жаткан адамдардан алардын кирешеси тууралуу декларация суроого чакырды. 18-июлда Бишкек шаарынын коллегиясында Ата Түрк багынын жанында курулуп жаткан үйлөр боюнча маселе каралып, ал жерден жер үлүштөрүн бөлүп берүү тууралуу токтомдор жокко чыгарылды. Өткөн жылы президент Курманбек Бакиев Ата Түрк багынын аймагында курулуп жаткан үйлөрдү курууга уруксат берген аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөргөн эле.(MSu)

XS
SM
MD
LG