Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич камакка алынды


Босниялык сербдердин мурдагы лидери, көп жылдар бою аскер кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн Радован Каражич камакка алынды. Президент Борис Тадичтин администрациясынын кабарына ылайык, Каражич дүйшөмбү күнү кечинде Белградда Сербиянын коопсуздук кызматтарынын аракеттери менен кармалган. Маалыматтар боюнча Каражич Белграддын округдук сотуна жеткирилди. Гаага трибуналынын башкы прокурору Серж Браммерц Каражичтин камакка алынышын кубаттады. Евробиримдик Каражичтин камака алынышын серб өкмөтүнүн Балкан чөлкөмүндөгү тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотууга кошкон салымы катары баалады. Расмий Вашингтон тараткан билдирүүдө бул окуя серб өкмөтүнүн Эл аралык кылмыш трибуналы менен кызматташуу жөнүндөгү милдеттемесин урматтаганынын маанилүү далили. 1992-95 –жылдардагы согуш учурунда босниялык сербдердин лидери болгон Радован Каражич геноцид деп бааланган эки окуянын артында турганы үчүн айыпталып келүүдө. Сараево шаарын 43 айга созулган камалоо учурунда, маалыматтарга караганда, 12 миң адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница шаарында 1995-жылы 8 миң мусулман массалык түрдө кырылган.

XS
SM
MD
LG