Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

К.РАЙЫМКУЛ УУЛУ: ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ ЖӨН ГАНА ЭЛДИН КӨҢҮЛҮН БУРУП ЖАТАТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Соңку жылдарда Кыргызстан жол кырсыктары эң көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирип бара жатат. Кечээ эле Токмок шаарынын жанында ири жол кырсыгы катталып, андан сегиз адам кайтыш болгону жана бир канча киши жаракат алганы кабарланууда. Өлкөдөгү жол кырсыктарына байланышкан жагдай туурасында Бишкек шаардык мамлекеттик автоинспекциясынын мурдагы башчысы Касымбек Райымкул уулу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Алгач айтсаңыз, жол кырсыктарынын көбөйүп жатышынын негизги себеби эмнеде?

- Жол кырсыктарынын негизги себеби, жалпы коомубузда болуп жаткан тартиптин сакталбашына байланыштуу деп эсептеймин. Анткени, бизге акыркы жылдары чет мамлекеттен көп автоунаалар келип жатат. Алар жогорку ылдамдыкта жүрө турган автоунаалар болуп эсептелет. Ага жараша биздин жолдор, аны айдаган айдоочуларга болгон мимиле өзгөрүш керек болчу. Башкача айтканда, алардан талапты катуу коюп, жолдорду да стандартка тиешелүү кылып оңдош керек болчу. Тилекке каршы бизде андай болбой жатат.

Бир сөз менен айтканда коомчулук, элдин терең катмары жол кырсыктын кесепеттерин билбей турат. Экинчиден, мамлекеттик структура өз деңгээлинде жол кырсыгын алдын алуу иштерин жүргүзүлбөй жатат деп эсептейм.

- Жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүш керек?

- Жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн мен 2003-жылдан бери көп сунуштарды киргизгем. Алардын негизгиси болуп Бишкек шаарындагы же болбосо башка чоң-чоң шаарлардагы светорфорлук обьектилерди видеотасмаларга тартып, алар аркылуу көзөмөл жүргүзүү болчу. Экинчиден, трассаларда, ири жолдордо көп кырсыктар болуп жатпайбы. Мисалы, Бишкек-Каракол багытында же болбосо Бишкек–Чалдовар-Ош багытында кырсыктар көп катталып жатат. Ошол жолдорго да видеокөзөмөлдү уюштурууну сунуш кылгам. Ал көзөмөлдүн негизинде мамлекеттик автоинспекция кызматкерлеринин да кызматтары жеңилдемек.

Экинчиден, жол эрежесин бузуучулар да так, натыйжалуу аныкталмак. Негизи жалпы эле муну мамлекеттик деңгээлде алып чыгыш керек. Анткени, 2002-жылы эле бул интернетке чыккан, Кыргызстан жол кырсыктары боюнча дүйнө жүзү боюнча эң алдыңкы орундарда турат деген. Бирок тилекке каршы мамлекет жана жалпы эл тарабынан дагы буга көңүл бурулбай жатат.

- Кечээки ири жол кырсыгынан кийин МАИ кызматкерлеринин иштөө тартибин күчөтүү ишке кире баштады. Аларды күчөтүлгөн тартипке өткөрүү боюнча кабарланууда. Сиздин оюңузча ушундай күчөтүлгөн тартип киргизүү жол кырсыктарындагы маселени жеңилдетеби?

- Бул күчөтүлгөн тартипти жалгыз эле МАИ кызматына киргизген жок. Молдомуса Конгантиев жалпы Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин күчөтүлгөн тартипте, кээ бир жерлерде казармалык режимде иштегиле деп жарыялады. Тилекке каршы бул сабатсыздык деп эсептейм. Анткени, кылмыштуулук менен сүйлөшүүнүн жолу, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн илими бар. Аны кылмыштуулук менен окуткан илимдин негизинде жасаш керек.

Кылмыштуулук менен күрөшүүнүн эң негизги жолу - натыйжалуу оперативдүүлүк жол болуп эсептелет. Анткени, кылмыштуулук дагы көмүскөдө жүргүзүлөт жана жашыруун жүргүзүлөт. Бул кылмыштуулуктун көбөйүп кетишине карата мындай иш жүргүзүү болбойт. Бул жөн эле коомчулуктун жана бийликтегилердин көңүлүн буруу болуп эсептелет. Министр иш кылып жатат деген. А бул күчөтүлгөн тартиптин натыйжасында жалпы жалаң гана карпайым адамдар жапа чегет. Анткени посттор көбөйөт, милициялар көбөйөт. Ал эми кылмышкерлер ачык-айкын жүрбөйт да.

- Жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн негизги бирден бир себептери, бул оң рулду автоунаалардын көбөйүшү себеп болгону айтылып жатат. Оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салуу маселеси азыр чечиле элек. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- Оң рулдуу автоунаалардын натыйжасында көбөйүп жатат дегени бул чын-чынына келгенде далилденбеген нерсе. Анткени ар бир нерсенин далили болуш керек. Мен ага кошулбайт элем. Анткени оң рулдуу автоунааларды тыюуга салууну - Кыргызстанга киргизүүнү тыюу ишин иш жүзүнө ашырыш керек болчу. Тилекке каршы ушул күнгө чейин оң рулду авмашиналар өлкөбүзгө киргизилип жатат.

Сентябрдан баштап эми оң рулдуу автоунааларды тыюу салуу боюнча мыйзам иштелет. Эгерде андай боло турган болсо, канчалаган адамдардын укуктары бузулат. Аны биринчи киргизгенге тыюу салыш керек. Анан барып туруп алар иштен чыгып калыш керек. Ошол себептен бул оң рулдуулар күнөлүү дегенге каршымын. Анткени андай далил жок.

- Соңку убакта МАИ кызматкерлерине кол салуу учурлары да жок эмес. МАИ кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо жаатындагы жагдай боюнча эмне айта аласыз?

- Ошто кейиштүү окуя болду. Мен түштүк жергесинде да иштеп келгем. Ош шаарындагы төрт адамдын өлүмүнө мен да кейип турам. Түнкү күзөттө турганда, сөз жок аларды МАИ автомашиналар менен тейлеш керек болчу. Кур дегенде бир автоматчан жанында болуш керек эле. Анткени биздин азыркы коомубуз андагы тартиптин сакталышы, дегеле бизде болуп жаткан кырдаал начар болуп жатпайбы. Буга жетекчилер аракет кылыш керек болчу. Бул жерде мен жалаң гана жетекчилер күнөлүү деп эсептейм. Анткени алар мамлекеттик кызматкерлердин ишин жүргүзүүнү уюштуруш керек болчу. Алардын коопсуздугун милдеттүү түрдө сакташ керек болчу. Алардын өмүрүн жетекчилер сакташ керек болчу.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG