Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун мындай билдирүүнү кыргыз мигранттарынын өлкө өнүгүүсүндөгү ролуна арналган конференцияда жасады. Анын баамында, чет жерде иштеген мигранттардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошо турган салымын аныктап, алардын аракетин колдоо мамлекеттик уюмдардын милдети. Ошондуктан, миграция саясатын жөнгө салуучу атайын топ түзүп, курамына Тышкы иштер министрлиги баштаган тиешелүү мекемелердин, Акыйкатчынын өкүлдөрүн киргизүү жана ал топту жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ар бир айда маалымат берип турууга милдеттендирүү зарыл. Акыйкатчыныны билдирүүсү боюнча, өкмөттүн бул багытта жүргүзгөн саясаты ачык болбой жатат.(BD)
12:27 Акыйкатчы Т.Акун: “Миграция саясатын жүргүзүүнү коомдук уюмдар эмес мамлекет колго алууга тийиш”