Мындай маалымат Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдон алынды. Анын маалыматына караганда, Токмок менен Чүй олбустук ооруканага түшкөн Казакстандын жарандарын Кордай райондук ооруканасынын башкы врачы жана Алматыдан келген дарыгерлер атайын медициналык автоунаалар менен алып кетишти. Ал эми Казакстандын өкмөтү авариянын себебин териштирүүчү комиссия түзүп, жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык автоунааларды 1-сентябрга чейин техникалык текшерүүдөн өткөрүү чечимине келди. 21-июлдун түнүндө болгон автокырсыктан Казакстандын 7, Кыргызстандын бир жараны каза болуп, 32си ооруканага түшкөн болчу. (BD)