Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

14:52 И.Чудинов: “Азык-түлүк рыногундагы алып сатарларга каршы чара көрүү зарылдыгы бышып жетти”


Өкмөт башчы Игорь Чудинов мындай талапты 22-июлда азык-түлүк рыногундагы кырдаалды талкуулаган кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, алып сатарлардын бирдиктүү тобу калыптанып, азык-түлүктүн баасынын жогорулашына шарт түзүп жатат жана алар айрым кылмыштуу топтордун көзөмөлүндө турат. Ошон үчүн ал топторго каршы чара көрүү зарыл. Маселен, Казакстандагы кургакчылыктан улам малын Кыргызстанда арзан баада сатып жаткандыктарына карабастан базарда баанын төмөндөгөн жери жок. Тескерисинче, кыш мезгилинде Казакстанда этке болгон талап жогоруласа Кыргызстанга да тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, өкмөт мына ушундай учурларлардын алдын алуу аракеттерин көрүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү чечимин кабыл алды. (BD)

XS
SM
MD
LG