Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

15:25 Панфилов районундагы окуучунун өлүмү боюнча соттун жүрүшүндө эки тараптын өкүлдөрү мушташа кетишти


Чүй облустук сот имаратынын алдында ызы-чуу болгон эки тараптын өкүлдөрүн тартип коргоо кызматкерлери тынчытууга аракет кылган менен айыпталуучулардын жакындары «Иш бир жактуу гана каралууда», «Соттор акыйкаттуу карасын» деп нааразылыктарын кыйкырык менен билдирип турушту. Жабырланган тараптан келгендер болсо айыпталып жаткан балдардын жакындары сотко жасалма күбөлөрдү алып келишүүдө деп белгилешти. Бирок, жабырлануучулардын адвокаты жараянга келбей калгандыктан ишти кароо 30-июльга которулду. Айыпталып жаткандардын адвокаттары кийинки соттук териштирүүдө соттун ишине кийлигишип, үстүртөн көрсөтмө берип жаткандардын аты-жөндөрүн ачык айтышаарын «Азаттыкка» билдиришти. Ушул жылдын апрель айында Панфилов районундагы орто мектеп окуучулар арасындагы каракчылыктын айынан бир окуучунун каза болушуна байланыштуу 11-класста окуган эки окуучу райондук сот тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган. (JJ)

XS
SM
MD
LG