Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:55

Р.Каражич Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүлүп берилет


Сербиянын соту босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Серб бийлигинин маалыматына ылайык, кесиби боюнча психолог Каражич камакка алынганга чейин жалган документтер менен бейтапканалардын биринде иштеп келген. Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Радован Каражичтин камакка алынышын кубатташты. 1992-95-жылдардагы согуш учурунда босниялык сербдердин лидери болгон Радован Каражич геноцид деп бааланган эки окуянын артында турганы үчүн айыпталып келүүдө. Сараево шаарын 43 айга созулган камалоо учурунда, маалыматтарга караганда, 12 миң адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница шаарында 1995-жылы 8 миң мусулман массалык түрдө кырылган.

XS
SM
MD
LG