Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:36

14:44 Н.Раимкулова: “Кыргызстандык ырчылар мындан ары “Славян базары” конкурсуна такай катышат


Продюсер Назира Раимкулованын АКИ-пресс агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында билдирүүсү боюнча ага негиз берген макулдашуу түзүлдү. Беларустун Витебск шаарында ар жылы өтүүчү каадалуу “Славян базары” конкурсуна мындан ары Иран менен Пакистандын ырчылары дагы Кыргызстандын өкүлчүлүгү аркылуу катыша алышат. Ал эми быйылкы конкурска катышкан Кыргызстандык ырчы Нена мыкты ырчылардын он бирдигине кирип, дипломант аталды. Дүйнөнүн 24 өлкөсүнүн ырчылары катышкан конкурста Нена жарым финалга чыккан 15 ырчынын катарында болуп, Европадагы 10 мамлекеттин чакыруусун алды. Эми ал күзүндө Крымда өтүүчү “Чыгыш базары” конкурсуна катышат.(BD)

XS
SM
MD
LG