Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

16:12 Кыргыз кинематографисттер союзунун өкүлдөрү Б.Шамшиевдин үй-бүлөлүк чатагына астейдил кароону талап кылышууда


Бул тууралуу Кыргызстандын эл артисти Жамал Сейдакматова, режиссердун биринчи жубайы Айтурган Темирова жана союздун мүчөсү Мария Абакирова маалымат жыйынында билдиришип, журналисттерди маалыматты так берүүгө үндөштү. Андан тышкары Болот Шамшиев менен араздашып жаткан экинчи жубайы Асел Айнидинованы коргоого алаарын билдирген укук коргоо уюмдарынын чечимин сынга алышты. Алардын айтымында, укук коргоо уюмдары үй-бүлөлүк чатакка аралашпай, соттун чечимин сыйлоосу зарыл. Белгилүү режиссер Болот Шамшиев бир жылдан бери экинчи жубайын үйүнүн өрттөлүшүнө күнөөлүү деп эсептөөдө. Тартип коргоо органдары Асел Айнидинованы ушундай шек менен Улуттук коопсуздук комитетинин абагына бир ай салгандан кийин укук коргоочу уюмдар анын укугун коргоо чечимине келишкен.(BD)

XS
SM
MD
LG