Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Радован Каражич Гаага трибуналында өзүн өзү коргоону чечти


Кечээ Сербиянын согуш кылмыштары боюнча соту Балкандагы согуш кылмыштары үчүн шектелген Каражичти Гаагадагы Эларалык трибуналга өткөрүп берүү чечимин чыгарган. Соттун өкүлү бүгүн билдиргендей, каражич бир нече күндүн ичинде трибуналга жөнөтүлүшү ыктымал. Серб бийликтеринин ырастоосунда, ысымын өзгөртүп алган Каражич Белградда жашап, клиникалардын биринде иштеп жүргөн. Ал дүйшөмбүдө кечинде колго түшүрүлдү. Батыш лидерлери 1992-95-жылкы согуш маалындагы геноцид үчүн айыпталган Каражичтин кармалышын кубатташууда жана босниялык сербдердин аскерий кол башчысы генерал Радко Младич да сот жообуна тартылат деген үмүтүн билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG