Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, июлдун башында Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрү ортосунда аскерий жардам берүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Аталган эл аралык документтин алкагында Түркия Кыргызстандын өкмөтүнө грант түрүндө 1 миллион доллар берүү каралды. Аталган каражат эки өлкө ортосунда аскерий-техникалык тармакта кызматташууну өркүндөтүүгө, аскерий кызматташтыкты терендетүү жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн реформалоого жумшалат.(MSu)
08:40 Түркия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн реформалоого 1 миллион доллар бөлүп бермей болду