Өкмөтүнүн бүгүнкү кеңешмесинин жүрүшүндө президент Курманбек Бакиев республиканын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилерине алар жана алардын ведомстволору тарабынан министрлер кабинетинин азыркы курамы чечүүгө тийиш болгон милдеттердин аткарылышы жөнүндө конкреттүү жана катуу суроолор менен кайрылды. Атап айтканда, мамлекет башчысы инфляцияны ооздуктоо жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча алар тарабынан көрүлгөн чаралар жана аракеттер канчалык жетиштүү болуп жатканы жөнүндө сурады. Президент жыл башында министрлер кабинетинин алдына конкреттүү милдеттерди койгонун, бирок бүгүн Өкмөт жөн гана фактыларды мисал келтирип жатканын белгиледи. Курманбек Бакиев ошондой эле министрлерди терең анализ жүргүзбөгөнү жана баалардын өзгөрүүсүнө оперативдүү реакция жасабаганы үчүн сынга алды. ”Инфляцияны катуу көзөмөлдөп, күн сайын байкап туруу зарыл деп такай эле айтып келатам” деп белгиледи президент. Ал ошондой эле экинчи жарым жылдыкта бардык экономикалык тармактар, социалдык секторлор боюнча конкреттүү пландарды, инфляцияны ооздуктоо боюнча жөндүү сунуштарды тиешелүү жетекчилерден укпаганына алымсынбаганын кошумчалады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)