Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Ж.АКЕНЕЕВ: БЫЙЫЛ МАЛ ЧАРБАБЫЗДЫ ЖОГОТУП АЛЫШЫБЫЗ МҮМКҮН


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Бүгүн президенттин катышысуунда ушул жылдын алты айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы боюнча өкмөттүк жыйын өтмөкчү. Өлкөдөгү экономикалык кырдаал, айыл чарба тармагында абал боюнча мурдагы Айыл чарба министри, экономист Жумакадыр Акенеев кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Алгач айыл чарбадагы абал тууралуу сөз кылсак. Мурда ушул тармакты жетектеген адис катары сиз дагы азыркы абалга байкоо салып турсаңыз керек. Дан эгиндеринин жыйноодогу дегеле жалпы эле бул тармактагы абал кандай сиздин оюңузча?

- Ачык айтканда былтыркы жылга караганда уюштуруу маселеси жакшы болгону менен айыл чарбадагы иштер бүгүнкү күндө начар деп айтсак болот. Себеби, аба ырайынын кесепетинен, суунун тартыштыгынан тоют, дан жыйноо маселеси өтө оор акыбалда турат. Статистикалык маалымат айтылып, баардыгы жыйналып жатат, быйыл жылдын жыйынтыгы боюнча 800 миң тонна алабыз дешкени менен жер-жерлерден алынган маалымат боюнча түшүмдүүлүктүн берекеси азыраак.

Эң тынчсыздандыраган дагы бир маселе, бул - тоют маселеси болуп жатат. Мал чарбачылыгы да кыйын абалда турат. Себеби, былтыркы жылга караганда, чөптүн бир таңгагы эки эсеге өсүп кетти. Бүгүнкү күндө 120-130 сомго чыгып кетти. Азыр малдын баары сатылууга даярдалып жатат. Буга Чүй өрөөнүндө былтыркы жылга салыштырмалуу малдар арзаныраак баа менен сатылууга мажбур болуп жатат.

- Жумакадыр мырза, быйыл тоют, чөп аз экенин айтып өттүңүз. Сиздин баамыңызда мал чарбачылыгындагы абал кандай болушу мүмкүн?

- Акыркы 4-5 жылдын ичинде анча-мынча малды көбөйткөндөр бир жылдын ичинде эле жоготуп алышы мүмкүн. Андыктан, мамлекет тараптан чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек. Нарын облусунда жамгыр жаабай, тоют жок деп угуп жатабыз. Чүй өрөөнүндө каналдын боюна өскөн камыштарды, элди уюштуруп алып келип чаптырып, кышка тоют маселесин көрүшүбүз керек. Бүгүнкү алынган маалымат боюнча кошуна мамлекеттерден ишкерлер келип, биз силердин бедеңерди, чөбүңөрдү 140-150 сомдон алып кетебиз деп алдын ала акчаларын берип кеткен деген маалыматтар да түшүп жатат. Абдан чоң даярдык көрбөсөк бул багытта жүрүп отурсак, быйыл мал чарбачылыгыбызды жоготуп коюшубуз мүмкүн.

- Азык-түлүк коопсуздугу боюнча коркунуч баш багып турган азыркыдай шартта Кыргызстан айыл чарба азыктары менен өзүн канчалык камсыздай алат. Ага кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

- Бизде ал жагынан шартка байланыштуу ахыбалыбыз кичине болсо да жакшыраак. Себеби, 70 % элибиз айыл жергесинде жашайт эмеспи. Алар колдон келишинде өздөрүн камсыз кылууга аракет жасашат. Бирок, шаар тургундарына, айрыкча ардагерлерге даярдык мамлекет тараптан көрүлүшү керек. Колдон келишинче бюджеттен акча бөлүп, заказ менен буудай, эт, сүт азыктарын элден сатып алганга аракет кылышыбыз керек. Себеби, күз айларында баалар көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Инфляциянын көлөмү бүгүнкү күндө 20 пайыздын тегерегин түзүп жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ өйдө. Күйүүчү майдын да баасы көтөрүлүп жатат. Буга чоң чара көрбөсөк, күзүндө баалар дагы көтөрүлүп, шаарда жашап жаткан жарды адамдарга катуу таасир бериши мүмкүн.

- Өлкөдөгү экономикалык кырдаалга кандай баа бересиз? Мындан аркы кырдаал кандай болушу мүмкүн?

- Жалпы экономикалык ахыбалыбыз ачык айтканда, былтыркы жылга караганда, начар деп айтсак болот. Алдыда эч кандай чечилүүчү маселе көрүлбөй жатат. Мисалы, Токтогул суу сактагычынын суусунун аздыгы, Орто-Токой суу сактагычында суу эң төмөн деңгээлге келип калышы, күйүүчү майлардын өсүшү, электр энергияны го өзүбүз көтөрдүк баасын. Жылуулуктун баасын көтөрүп жатабыз. Августтан тартып электр жарыгын өчүрүп, үнөмдөө системасына өтөбүз деп турабыз. Анын баары эле экономикадагы кырдаалды көрсөтүп турат. Мунун баарын жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылышыбыз керек.

- Кандай кескин чаралар көрүлүш керек?

- Президент бүгүн өкмөттүн жыйынын өткөрөм дейт. Мен ойлойм өзү башына туруп, чоң комиссия түзүп, экономика жакка көңүл буруш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG