Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

15:10 Кыргызстанда мыйзамдарды кабыл алуу ачык, айкын жүргүзүлбөйт


Бул тууралуу билдирген “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борборунун юристи Абдыкерим Аширов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, апрель-май айында парламент тарабынан кабыл алынган “ Энергетика жөнүндө”, “Стратегиялык обьектилер жөнүндө”, “Мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү боюнча” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, “Жарандардын куралсыз тынч митинг жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндө” мыйзамдар коомчулук жана жарандык коомдордун талкуусуна коюлбай кабыл алынып, коомчулуктун көңүлүн бурду. Мында “Баш мыйзамдын 23-беренесинде көрсөтүлгөн “атуулдардын мыйзамдарды кабыл алууга жана республикалык жана жергиликтүү мааниде кабыл алууга катышууга укуктуулугу” эске алынбай, укуктары тебеленүүдө” дейт Аширов. (AJ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG