Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

17:15 Ноокен районунда жашаган жубайлар Өзбекстанда соттолушту


Райондун Достук айылынын тургуну Хабибулла Абдрахмановду 4-июнда кыргыз аймагынан өзбек чек арачылары кармап кетишкен. Эртеси андан кабар алганы барган аялы Өзбекстандын жараны Ташмурзаева Наимахан Наманган облусунун Үч-Коргон районунда кармалып, убактылуу кармоо жайында 19 күн болушкан. Өзбекстандын мыйзамына ылайык аларга чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана мамлекеттик кызматкерге кол көтөргөн деген айып коюлган. Кыргыз жараны болгон Абдрахманов беш жарым жылга,аялы өзбек жараны Ташмурзаева алты жарым жылга соттолгон. Ушул тапта Намангандагы убактылуу кармоо жайында турган жубайлардын ишин ошол облустук сот кайра караары тууралуу маалымат келген, анын жыйынтыгы тууралуу азырынча кабар жок. Бул тууралуу айыл өкмөт башчы Маматисак Дооронкулов билдирди. Аларды бошотуп алуу өтүнүчү менен губернатордун атынан тышкы иштер министрлигине кат жөнөтүлгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG