Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөeв аймактагы көйгөйдү мындайча жарыя кылды: “ Жылдан жылга мөңгүлөр азайып бара жатат. Кар аз жаап жатат. Ошол эле Папанга Ак-Буура дарыясы сууну аз куюууда. Быйыл дагы азайды. Дыйкандары көп райондорго маал-маалы менен суу берип жатабыз. Найманда маалыматка караганда, суунун көлөмү аз”,- дейт Болот Бүргөев. Жергиликтүү талдоочу Асан Каракозуев дыйкан-фермерлердин аракети колдоого алынса, суу маселеси анчалык кыйынчылык туудурбайт деген илгери үмүттө. (ATo)