Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

18:16 Жалал-Абат облусунда ондогон адамдарга күйдүргү илдети жукканы аныкталды


Кочкор-Ата шаардык жугуштуу оорулар бөлүмүнө сибирь жарасы жугушу ыктымал деген шек менен 34 адам кайрылып, жаткарылган. Алардын ичинен 29 кишиге күйдүргү оорусу жукканы кечээ аныкталды. Сибирь жарасы ырасталгандардын арасында бир бала жана он эки аял бар. Оорусунан айыккан жыйырма бир адамга үйүнө кайтууга уруксат берилди. Беш кишиден күйдүргүнүн белгилери табылган жок. Ушул тапта сегиз адам сибирь жарасы боюнча дарыланып жатканы тууралуу маалымат оорукананын бөлүм башчысы Зуура Макамбаевадан алынды. Сузак районунда 10-июлда күйдүргү дартынан бир кара көзүгүп, эки адамдан чыкканы белгилүү болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG