Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

11:50 Жыл аягына чейин өлкөдө инфляция 50 пайыздан ашат


Мындай божомолду “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыктагы” маегинде адистердин пикирине таянып билдирди. Анын айтымында азыр инфляция жыл аягына чейин 30 пайыз болот деп бир аз жымсалданып айтылып жатат. Анын айтымында, баалар азыр күн санап өсүп жатат, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы да арсар. “Акча көбөйүп, инфляция күчөп кеткенде биринчи кезекте мамлекеттик чыгашаларды кыскартуу керек болчу. Экинчиси, бюджетте инфляция 12% деп бекитилген. Жарым жылдын ичинде ал 20 пайыздан ашып кетти. Бул макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн чоң коңгуроосу”, - дейт Темир Сариев. Ошол эле учурда инфляция жыл аягына чейин 25 пайызга жетээрин жетээрин экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин департамент жетекчиси Кубанычбек Айдаралиев да “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында мамлекет өзүнүн ички салыктары менен жашай баштаганда гана көз каранды эмес болот жана азырынча өлкө импортко көз каранды.(SM)

XS
SM
MD
LG