Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

ТАЛАС: КАЗАКСТАНДЫК ЖАШ СҮРӨТЧҮНҮН КӨРГӨЗМӨСҮ


Уланбек Абдырахманов, Талас Талас шаарында Казакстандык жаш сүрөтчү Абдусамат Каримов жеке сүрөт көргөзмөсүн өткөзүүдө. Таластык сүрөтчүлөрдүн айтымында, эки мамлекеттин ортосунда мурда союз мезгилинде сүрөт көргөзмөлөр тез-тез өткөзүлүп келген. Ал эми азыркы тапта мындай чыгармачыл алакага Кыргызстан менен Казакстандын чегара, бажы кызматтары тоскоолдук кылууда.

1982-жылы туулган Казакстандын Тараз шаарынын тургуну жаш сүрөтчү Абдусамат Каримов өзүнүн атасы жана кесиптештери менен бирге Талас шаардык администрацисынын имаратынын биринчи кабатында өзүнүн чакан сүрөт көргөзмөсүн өткөзүүдө. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Талас шаардык администрациясынын башчысынын орун басары Руслан Осмоналиев жана жергиликтүү маданият кызматкерлери, сүрөтчүлөр катышты.

Кыл калем чебери Абдусамат Каримов сүрөттөрүнүн арасынан “Азаттыктын” кабарчысына Талас жергесинен тартылган сүрөтүн көрсөтүп, анын тарыхын айтып берди.

- Талас жергесинде суу азайган мезгилде Талас аймагынын четинде бул сүрөттө көргөзүлгөн имараттын курулуш иши жүрүп жаткан. Мен сүрөт куралдарымды алып чыгып тартайын деп жатсам, анын жанынан ак чардактар учуп өтүштү. Кызыктуу мезгил болуп калды. Бир сыйра үстүртөдөн тартып, кийин үйдөн ал сүрөттү аяктадым.

Жаш сүрөтчү Абдусамат Каримов 2004 жылы Тараз гуманиардык университетинин сүрөт-графика факультетин окуп бүтүргөн. Ошол мезгилде эле Казакстандын Тараз шаарында сүрөт көргөзмөсүн өткөзгөн. Бүгүнкү учурда ал Дүйнө элдеринин искусство ассоциациясына мүчө болуп саналат.

Талас шаарындагы көркөм сүрөт музейинин директору Марат Нуралиев кыргыз-казак сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылык катнашы тээ мурдагы союз мезгилиндей кайрадан жанданып жатканына кубанаарын жашырган жок:

- Мурда союз учурунда мындай көргөзмөлөрдү өткөзүп жүрчүбүз. Кийинчерээк ал нерсе үзүлүп кеткен. Анын үстүнө азыр Талас менен Тараздын ортосунда чоң бажыкана бар. Ал бажыканадан өткөн азап менен тозок болуп жатат. Сүрөттү алып өткөндө аябай кыйын болуп жатат. Анткени ар бир сүрөттү текшерип, каякка алып баратасың? Эмнеге алып баратасың? Канча сүрөт келип жатат? Ошонун баарын алып өтүш аябай оор маселе болуп жатат.

Жамбыл облусунун тарых музейинин кызматкери Вера Жуланова Абдусаматтын сүрөттөрү тууралуу «Азаттыкка» кеп кылып, кыргыз сүрөтчүлөрүн Тараз шаарына сүрөт көргөзмөлөрүн өткөзүүгө чакырып кетти.

- Бул баланын сүрөтүндө көбүн эсе жашоонун чындыгы чагылдырылган. Сүрөтчү толугу менен өзүнүн туулган жеринин жаратылышын, элдин жашоосун, алардын ишт, эс алып жаткан мезгилдери жана салт-санааларын чагылдырган. Биз кыргызстандык чеберлерди казак жерине сүрөт көргөзмөлөрүн өткөзүүгө чакырабыз.

Казакстандык сүрөтчүнүн көргөзмөсу үстүбүздөгү жылдын 9-августуна чейин Талас шаарында болмокчу.
XS
SM
MD
LG