Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Барак Обама Батыш Европадагы сапарында Лондонго келди


АКШнын президенттигине демократтардан талапкери Барак Обама Батыш Европа боюнча сапарын улантып, бүгүн Лондонго келди. Ал бул жерде премьер-министр Гордон Браун жана Жакын Чыгыш боюнча атайын элчи Тони Блэр менен жолугушмакчы. Барак Обама буга чейин Германияда, Францияда жогорку жетекчилер менен жолугушуу учурунда Ооганстан, Ирактагы кырдаалды талкуулап, терроризм, климаттын өзгөрүшү, өзөктүк куралдануу сыяктуу дүйнөлүк коркунучтарга каршы европалыктар менен америкалыктарды биригип күрөшүүгө чакырды. Саркози менен жолугушуудан кийин Обама, « Эгер Иран өзөктүк куралга ээ болсо биздин эки мамлекетке абдан чоң коркунуч туулат, бул Израилди менен бирге башка өлкөлөрдү да жардын кырына такап, террористтерди шыктандырып, Жакынчы Чыгышта жарыша куралдануунун опурталдуу от-жалыны дүрт этет», -деп билдирди.

XS
SM
MD
LG